«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында иштетилүүчү жеке маалыматтар
«Мектепке электрондук жазылуу» автоматташтырылган маалыматтык системасында баланын, арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн, КРнын жаранын жана чет жердик жарандын жеке маалыматтары иштетилет:
- Аты-жөнү (баланын жана арыз берүүчүнүн);
- Баланын жынысы;
- Баланын туулган күнү, айы, жылы (мындан ары — датасы);
- Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн байланыш телефондору;
- Жашаган жеринен алынган маалымадамага туура келген жашаган жеринин адреси;
- Арыз берүүчүнүн/мыйзамдуу өкүлүнүн электрондук адреси
1-класска кабыл алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
- Баланын туулгандыгы тууралуу күбѳлүктүн оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
- Баланын жашаган жеринде катталгандыгы жѳнүндѳ маалым кат;
- Ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) паспортунун оригиналы жана кѳчүрмѳсү;
- Мектепке кабыл алуу жѳнүндѳ ата-эненин (мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн) арызы;
- Баланын медициналык картасы —№ 026 формасы;
- Баланын эмдѳѳ картасы —№ 063 формасы;
- 3х4 ѳлчѳмүндѳгү баланын сүрѳтү – 2 даана;
- Окуучунун ѳздүк делосу (А5 форматы).