Жайылская основная школа Жайыл негизги мектеби

Биз жөнүндө

МЕКТЕП ТАРЫХЫ

Жайыл негизги  мектебинин тарыхы.

Чүй облусунун Жайыл  районунун Жайыл айылындагы Жайыл негизги  мектебинин жалпы мүнөздөмөсү

Билим берүү уюмунун аталышы: Жайыл негизги мектеби мекемеси.

Дареги: Чүй облусунун Жайыл районундагы Жайыл айылы Центральная  н/ж

Менчик Формасы: Мекеме

Билим берүү уюмунун статусу: Негизги  мектеби. ИНН : 02004200410094

ОКПО: 23498089

Мектептин имараты: 1962-жылы ишке берилген.1 этаждуу.

Мектептин ички аянттарынын жалпы кубатурасы:2448кв.м

Мектептин жалпы аянты: 2,44 м2

                                                                         

Мектеп 1961-жылы курулуп, 1962-жылы колдонууга берилген. Мектеп 200 окуучуга пландалып салынган.Алгачкы аталышы  Калинин районуна караштуу Большевик 8 жылдык мектеби болгон. Кийинчирээк 1993-1994-жылдары Калинин району Жайыл району аталгандан кийин 1995-жылы  Большевик 8 жылдык мектеби Жайыл негизги мектеби аталып, билим берүү 9 жылдык негизги мектеп аталып, статусу өзгөргөн.

Мектептин окуп жаткан имаратында 10 класстык бөлмө бар анын ичинен,мугалимдердин бөлмөсү,компьютердик бөлмө, китепкана бар.Ошондой эле чакан директордун бөлмөсү,окуу бөлүм башчысынын бөлмөсү бар.

Мектепте  ысык тамак толук кандуу берилүүчү мектеп ашканасы бар. Мектепте спорт зал, актовый зал жок. Сыртта спорт аянтчасы бар.

2021-2022-окуу жылында мектепте Алымбеков Бакыт атындагы  автордук биология кабинети ачылып , автор тарабынан кабинет ичи жасалгаланып, заманбап эмеректер менен жабдылган.

                    Мектептин максаты:

  Мектеп окуучуларынын  өнүгүүсүнө жана социалдашуусуна өбөлгө түзгөн  билим алууга, ар бир окуучунун жөндөмдүүлүгүн аныктоого жана өнүктүрүүгө жагымдуу билим берүү мейкиндигин, ачык коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүү.

Кыргыз Республикасынын жаранын мекенчилдикке, атуулдукка, эмгекчилдикке, адептүүлүккө тарбиялоо.

Социалдык экономикалык кырдаалга ыңгайлашып кете алуучу жана сапаттуу билимге ээ болгон коомго пайдасы тийген, руханий дүйнөсү бай,элдик маданиятты,мекенди сүйгөн,өз мекени үчүн күрөшкөн жаштарды тарбиялоо. Коомдун алдында атуулдук жоопкерчилигин арттыруу менен мектепти бүтүргөндөн кийин өз алдынча өнүгүп кетүүсүнө пайдубал түзүү.

                  Мектептин миссиясы :

           Мектепте окуучу үчүн билим берүүнүн жагымдуу чөйрөсүн түзүү менен бирге алган билимдерин жашоодо пайдалана билүүгө багыттоо .

 

Мектептин миссиясы 30-август 2021-жылы №1 педагогикалык кенештин чечими менен бекиген.